Ош шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөтАраван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издегенЖыл башынан бери Бишкекте жол кырсыгынан 5 жаш бала каза болдуКыргызстандын президентин шайлоого 1,2 млрд сом сарптоо пландалууда — БШКМектептин 8- жана 1-класстары үчүн «Математика» предмети боюнча окуу китептери басылып чыкты
Казакбаев менен Түркмөн элчиси энергетика маселесин талкуулашты
30.10.2021 | 15:28
Энергетикалык ресурстар менен камсыздоо маселесин тышкы иштер, соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаев менен Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов талкуулады. Бул тууралуу ТИМден билдирди.
Жеке кабыл алууда соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорт тармагын жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
«Ушундай контекстте жакынкы аралыкта Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылчылыгы белгиленди», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат