Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталды
14.03.2020 | 13:03
Казакстанда өпкөнү сезгенткен коронавирус илдетин жуктургандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Даис Ахметшарип кабарлаган.
Маалыматка караганда, вирусту жуктуруп алган 62 жаштагы жеке ишкер 10-мартта Алматы шаарына Москвадан учуп келген. Вирусту жуктурган экинчи адам Нур-Султандан аныкталган.
13-мартта Казакстандын 4 жаранынан коронавирус илдети аныкталганын өлкөнүн саламаттык саткоо министрлиги кабарлаган. Ооруну жуктургандардын баары Европадан учуп келишкен эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар