КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталууда

21.10.2026 | 09:45
КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды эсепке алуу эрежелерин, импорт учурунда КНСти (кошумча нарк салыгын) эсептөө тартибин жана ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө патенттин негизинде салык салууну өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору колдонуудагы үч документке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул өзгөртүүлөр ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө, алардын чыгашаларын кыскартууга жана товарлардын ташылып келишине көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берет.

Түзөтүүлөр жүктөрдү тариздөөгө жана текшерүүгө, салык жана бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүнө, ошондой эле импортто КНСти эсептөөгө тиешелүү.

ЕАЭБден импорттоодо КНСти эсептөө кандайча өзгөрөт

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттоодо КНСти эсептөөгө негиз болгон товарлардын наркына тиешелүү.

Долбоорго ылайык, импорттолгон товарлардын орточо баасы акыркы эки отчеттук айдагы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө боюнча маалыматтардын негизинде Тобокелдиктерди башкаруу тутумунун (ТБТ) жардамы менен эсептелет.

Социалдык маанидеги товарлар үчүн кошумча өндүрүүчүлөрдүн электрондук эсеп-фактураларынын маалыматтары эске алынат.

Эгерде зарыл маалыматтар жок болсо, мурда белгиленген орточо баа өзгөрүүсүз калат. Зарыл болгон учурда Мамлекеттик салык кызматы (МСК) баалар боюнча маалыматты статистика органдарынан сурай алат. Аларга маалымат берүү үчүн он жумушчу күн берилет.

Тобокелдик белгилери бар импорттолуучу товарлар үчүн КНСтин салыктык базасын үч айда бир жолу белгилөө сунушталууда. Социалдык маанидеги товарлар бул эрежеден тышкары болот.

Эгерде импорттоочу КНСтин эсебине макул болбосо, эмне кылуу керек?

Эгерде импорттоочу КНС боюнча белгиленген салыктык базага макул болбосо, ал товар ташылып келген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде салыкты бүтүмдүн иш жүзүндөгү баасы боюнча эсептөө өтүнүчү менен салык органына арыз бере алат.

Бул үчүн баасы көрсөтүлгөн жеткирүү келишими, товар коштоочу документтер, эсеп-фактура жана ТЭИ ТН боюнча товардын коду көрсөтүлгөн документтер талап кылынат.

Эгерде документтерде каталар табылса же кандайдыр бир маалыматтар жетишсиз болсо, салык органы бул тууралуу импорттоочуга кабарлашы керек. Эскертүүлөрдү жоюуга он жумушчу күн берилет. Эгерде ишкер бул мөөнөткө үлгүрсө, кайрадан арыз берүүнүн кажети жок.

МСК бүтүмдүн баасын тастыктоо үчүн товар ташылып келген ЕАЭБ өлкөсүнүн салык органына суроо-талап жөнөтөт.

Ырастоо алынгандан кийин, келишимде көрсөтүлгөн нарк товардын тиешелүү коду боюнча кийинки алты айдын ичинде КНСти эсептөө үчүн колдонулушу мүмкүн.

Эгерде 90 күндүн ичинде жооп келбесе, салык базасы мурдагыдай эле калат. Бирок, ырастоо кийинчерээк келсе, чечим кайра каралып, ашыкча төлөнгөн салык эсепке алынышы же кайтарылып берилиши мүмкүн.

Өндүрүүчүлөр үчүн өзүнчө тартип каралган. Алардын салык базасын кайра карап чыгуу жөнүндөгү арыздары ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн салык органдарына суроо-талап жөнөтпөстөн — 15 жумушчу күндүн ичинде каралат.

Чек арада жүктөрдү көзөмөлдөө кандайча өзгөрөт

Түзөтүүлөрдүн дагы бир бөлүгү Кыргызстанга ташылып келинген товарларды текшерүүгө тиешелүү.

Тактап айтканда, эгерде товардын мүнөздөмөлөрү документтерде көрсөтүлгөн ТЭИ ТН кодуна (Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы. — Ред. эскертүүсү) дал келбестик белгилери байкалса, салык органдары кыргыз-казак чек арасында жүктөрдү кошумча текшерүүнү демилгелей алышат.

Тобокелдиктер аныкталган учурда салык кызматынын кызматкерлери автоунаалардын жүк ташуучу бөлүктөрүн, контейнерлерди жана товарлар сакталган башка жерлерди пломбалай алышат. Пломбаларды коюу жана алып салуу эрежелерин, ошондой эле тобокелдик критерийлерин МСК аныктайт.

Ошол эле учурда, колдонуудагы эрежелерден навигациялык электрондук пломбаларды колдонуу жана пломбалоо операторунун кызмат акысын төлөө жөнүндөгү жоболорду чыгарып салуу сунушталууда.

Ошондой эле МСК менен МБК (Мамлекеттик бажы кызматы) ташылып келинген жана транзиттик товарлар боюнча чейрек сайын маалымат алмашып турушат.

Ташуучулар жана жүктү алуучулар үчүн эмне өзгөрөт

Долбоор ошондой эле бир нече алуучуга багытталган курама жүктөрдү тариздөө эрежелерин тактайт.

Эгерде алуучулардын бири керектүү документтерди бербесе, бүтүндөй курама жүк текшерүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилет. Мында документтери жайында болгон калган алуучулардын товарлары салыштырып текшерүүдөн жана жүк орундарын бөлгөндөн кийин берилиши мүмкүн.

Ташуучулар алуучуларга коштоочу документтерге карата талаптар жөнүндө кабарлоого милдеттендирилет. Зарыл болгон учурда импорттоочу таңгактоо баракчасын (упаковочный лист) көрсөтүүгө тийиш.

Мындан тышкары, мобилдик топторго жүктөрдү транспорт каражаттары менен кошо кармоого, товарлардын санын жана алардын таандыктыгын текшерүүгө, ичиндегилерди документтер менен салыштырууга жана текшерип кароо үчүн пломбаларды ачууга уруксат берүү сунушталууда.

Эгерде айдоочу, жүктүн ээси же анын өкүлү жок болсо же текшерүүдөн качса, мобилдик топ унаа каражатын жүгү менен кошо ээсиз мүлк деп таануу үчүн сотко кайрылууга материалдарды топтой алат.

Кайсы товарлар коштоочу накладнойлорду тариздөөдөн бошотулат

Долбоор ЕАЭБден товарларды алып келүүдө импорт максатында салыктык каттоо жөнүндө маалымкат жана коштоочу накладной талап кылынбай турган учурлардын тизмесин кеңейтет.

Жеңилдиктер төмөнкүлөр үчүн каралган:

  • мамлекеттик маданий, концерттик, спорттук иш-чаралар жана көргөзмөлөр үчүн убактылуу алынып келинген техникалар (тиешелүү билдирүү болгон учурда);
  • каза болгондордун сөөгү салынган табыттар жана күлү салынган урналар;
  • дипломатиялык жүктөр жана дипломатиялык почта;
  • Кыргызстанга туруктуу жашоого (ПМЖ) көчүп келе жаткан жарандардын белгиленген тизме жана эрежелер боюнча өздүк буюмдары.

Ал эми буга чейин Кыргызстандан убактылуу чыгарылып, кайра кайтарылып жаткан товарлар үчүн, тескерисинче, тариздөөнүн өзүнчө эрежелерин киргизүү сунушталууда. Ал үчүн коштоочу накладной жана тастыктоочу документтер талап кылынат.

Мындан тышкары, белгиленген ченемдердин чегинде товар коштоочу документтерди милдеттүү тариздөөсүз ташып келүүгө мүмкүн болгон жеке колдонуудагы товарлардын тизмесине автоунаа тетиктерин, ошондой эле мотоциклдер менен чегилме транспорт үчүн тетиктерди жана шаймандарды кошуу сунушталууда. Ар бир категория үчүн айына эки даанадан ашык эмес каралган.

Сүрөтчүлөр үчүн патент — 2 миң сом

Өзүнчө түзөтүү жеке эмгек ишмердигине салык салууга тиешелүү.

Патенттин негизинде салыктын базалык суммасы белгиленген иштин түрлөрүнүн тизмесине сүрөтчүлөрдүн ишин, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатууну киргизүү сунушталууда. Сүрөтчүлөр үчүн салыктын базалык суммасын 30 күнгө 2 миң сом өлчөмүндө белгилөө пландалууда.

Эгерде токтом кабыл алынса, ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top