КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейт

22.10.2026 | 13:59
КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоонун мөөнөтүн кыскартуу, ошондой эле алардын өндүрүшүн текшерүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун КР Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, каттоонун колдонуудагы тартиби медициналык буюмдун чет өлкөдө катталгандыгын тастыктаган документтердин бар экендигине жараша ар башка мөөнөттөрдү карайт.

«Алсак, эгерде буюм Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө, Австралияда, Улуу Британияда, Канадада, АКШда, Швейцарияда, Норвегияда же Японияда мурда катталган болсо, Кыргызстандагы жол-жобо төлөм тастыкталган күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин созулат. Мындай документтер жок болгон учурда каттоонун мөөнөтү 50 календардык күнгө чейин жетет. Мындан тышкары, медициналык буюмдардын айрым категориялары, анын ичинде 2а классындагы стерилдүү буюмдар жана 2б менен 3 класстагы буюмдар өндүрүштүк инспекциялоодон өтүшү керек», — деп белгиленет документте.

Ошол эле учурда инспекциялоону уюштуруу жана өткөрүү 90 календардык күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул убакыт мамлекеттик каттоонун жалпы мөөнөтүнө кирбейт.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, колдонуудагы система кошумча убакытты талап кылат, анын ичинде документтерди текшерүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө тиешелүү текшерүүдөн өткөн өндүрүш жайларын кайрадан текшерүүгө көп убакыт кетет.

Авторлор административдик жол-жоболорду кыскартуу жана буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын таануу медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун баалоо талаптарын өзгөртпөстөн эле каттоону тездетүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары

Долбоор жогоруда аталган чет өлкөлөрдө катталганы тууралуу жарактуу документтери бар медициналык буюмдарды каттоо мөөнөтүн 30 календардык күндөн 10 жумушчу күнгө чейин кыскартууну карайт.

Каттоо досьесинин толуктугун текшерүү жана эсеп жазуу баскычтарын бириктирүү, чечимдерди бекитүү жана мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү убактысын кыскартуу, ошондой эле электрондук каттоо күбөлүктөрүнө өтүү аркылуу процессти тездетүү пландалууда.

Мындан тышкары, каттоо досьесин баштапкы экспертизадан өткөрүү мөөнөттөрүн өзгөртүү сунушталууда:

• жалпы тартипте катталганда — азыркыдай эле 10 жумушчу күнгө чейин;
• аталган чет өлкөлөрдө буюмдун катталгандыгы тууралуу жарактуу документтери болсо — 5 жумушчу күнгө чейин.

Баштапкы экспертиза документтердин толуктугун, продукциянын медициналык буюмдарга туура киргизилгендигин, тобокелдиктин көрсөтүлгөн классына жана каттоо досьесине киргизилген буюм моделдеринин шайкештигин текшерүүнү камтыйт.

Кайсы учурда кайра текшерүү талап кылынбайт?

Дагы бир өзгөртүү аталган чет өлкөлөрдө каттоосу жок, бирок өндүрүшүн текшерүү талап кылынган медициналык буюмдарга тиешелүү.

Азыркы учурда мындай буюмдардын айрым категориялары үчүн өндүрүш аянтчаларын инспекциялоо зарыл. Саламаттык сактоо министрлиги эгерде өтүнмө ээси ЕАЭБге мүчө кеминде эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген өндүрүштү инспекциялоо боюнча жарактуу оң корутундуларды тапшырса, кайра текшерүү жүргүзбөөнү сунуштайт.

Ошентип, биримдикке кирген өлкөлөрдө буга чейин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары Кыргызстанда медициналык буюмдарды каттоодо таанылышы мүмкүн.

Ошол эле учурда жалпы тартипте каттоодон өткөн буюмдар үчүн колдонуудагы мөөнөттү — төлөм тастыкталган күндөн тартып 50 календардык күндөн ашырбоо талабын — сактап калуу сунушталууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top