Казакстандын туруктуу эпидемиологиялык кырдаал болгон аймактарында кинотеатрлар ишин уланта баштады. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.
Аталган өлкөнүн коронавирус менен күрөшүү штабы 19-октябрда бир катар чечимдерди кабыл алган. Эгерде илдеттин катталганы азайса, «жашыл» эпидемиологиялык абалы бар региондордогу ишкердик субъектилеринин ишин этап-этабы менен жандандырууну калыбына келтирүү да каралган.