Чүйдө 40,5 млн сомдук алтынды аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылган шектүүлөр кармалды

25.09.2026 | 11:06
Чүйдө 40,5 млн сомдук алтынды аткезчилик жол менен алып чыгууга аракет кылган шектүүлөр кармалды — Новости Кыргызстана

Чүй облусунда жалпы салмагы 3 миң 300 граммды түзгөн алтын куймаларын аткезчилик жол менен алып чыгуу аракетине бөгөт коюлуп, эки жаран кармалды. Алтын куймалардын баасы 40 млн 512 миң 458 сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, 24-сентябрда алтын куймаларды ташып жүргөн жана аткезчиликти уюштурган деп шектелиа 56 жаштагы У.Х.Д. жана 26 жаштагы У.А.Л. аттуу кыргызстандык жарандар кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү («Экономикалык контрабанда») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда окуянын жагдайларын жана баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүруп жатканы айтылды.

Scroll to Top