РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт
29.09.2026 | 20:39

Колумбиялык ырчы Шакира 2026-жылдын 18-октябрында Las Mujeres Ya No Lloran World Tour дүйнөлүк гастролдук туру алкагында Бишкекте концерт берет. Концерт Bishkek Arena спорттук-оюн-зоок комплексинде өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Instagram баракчасына жазды.
Жарыяланган маалыматка ылайык, билеттерди сатуу 1-октябрда саат 09:00дө башталат. Билеттерди GovTicket сайты аркылуу сатып алууга болот.

Буга чейин, сентябрь айынын башында Туманбаев Шакиранын Бишкекте концерт бериши мүмкүн экенин билдирип, тараптар уюштуруу маселелерин макулдашып жатканын жазган.
Шакира өзүнүн аталышы менен аталган Las Mujeres Ya No Lloran альбомунун урматына коюлган дүйнөлүк гастролдук турду өткөрүп жатат. 2026-жылдагы турдун расписаниесинде Мадриддеги концерттер жана Египеттеги Гиза пирамидаларынын жанындагы концерт да бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Жарнама
Теги: Бишкек Арена