Boho Beach Bar’дан кийинки таштанды — Самат Дөөлөтбаков кырдаалга комментарий берди

25.09.2026 | 14:26
Boho Beach Bar’дан кийинки таштанды — Самат Дөөлөтбаков кырдаалга комментарий берди — Новости Кыргызстана

Социалдык тармактарда жайкы сезон аяктагандан кийин мурда Boho Beach Bar жайгашкан Chaika Resort эс алуу аймагынын абалы тартылган видео тарады. Кадрлардан жабдуулар чыгарылып кеткенин, бирок аймакта конструкциялар, таштандылар жана башка буюмдар калганын көрүүгө болот.

Долбоордун өнөктөштөрүнүн бири, учурда Европада жүргөн коомдук ишмер Самат Дөөлөтбаков Reporter.kg басылмасына берген комментарийинде объектти демонтаждоо (бузуп-жыйноо) иштери болжол менен 10-сентябрда башталганын билдирди.

Boho Beach Bar’дан кийинки таштанды — Самат Дөөлөтбаков кырдаалга комментарий берди — иллюстрация

Анын айтымында, аймакта тиричилик таштандылары жок, ал эми калган буюмдар демонтаж иштерине байланыштуу.

«Ал жакта таштанды эмес, курулуш калдыктары болушу мүмкүн. Негизги конструкция азырынча чечиле элек. Кайсы бир жерлерде поддондор, тент, конструкциянын өзү калып калышы ыктымал. Ал жерде катуу тиричилик калдыктары жок», — деп ишендирди ал.

Дөөлөтбаков объектти толугу менен демонтаждоо Chaika Resort эс алуу борбору менен мындан аркы келишимдерге байланыштуу экенин түшүндүрдү. Тараптар Boho Beach Bar бул аймакта ишин улантабы же жокпу, аны чечиши керек.

Ал эгерде мындан ары кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилбесе, долбоордун ээлери объектти толугу менен алып кетип, аймакты баштапкы абалына келтириши керектигин баса белгиледи.

«Келишим боюнча, эгерде биз Chaika Resort эс алуу борбору менен бир пикирге келе албасак, анда баарын толугу менен тазалап, аймакты кандай кабыл алган болсок, ошол абалга келтиришибиз керек», — деп кошумчалады Дөөлөтбаков.

Эске салсак, дүйнөлүк жылдыздардын катышуусунда «Бишкек Аренада» өткөн биринчи концерттен кийин Дөөлөтбаков социалдык тармактагы баракчасына иш-чарадан соң отургучтардын алдында калган таштандылар тартылган видео жарыялаган.

Анда Дөөлөтбаков көргөн көрүнүшкө нааразы болуп, кыргызстандыктарды артынан таштанды калтырбай, өздөрүнөн кийин жыйнап кетүүгө чакырып, «тазалык өзүңдөн, сенден жана баарыбыздан башталат» деп белгилеген болчу.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top