Коомдук транспорттун айдоочулары гендердик зомбулукка каршы

Коомдук транспорттун айдоочулары гендердик зомбулукка каршы

Бишкек шаарында аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер кампаниясынын алкагында масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүүдө, деп билдиришти мэриядан.

Маалыматка караганда, мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти эл аралык өнөктүктү колдойт жана борбор калаадагы коомдук транспортто гендердик зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө даяр.

Айдоочулар курамы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, транспортко плакаттар жайгаштырылат, ал эми жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга Бишкек шаарынын коомдук транспортунда асылуу учурлары менен күрөшүүгө чакырган эскертүүлөр таратылат.

Кампаниянын башталышынын алдында Юнисеф фондунун жана Сорос-Кыргызстандын колдоосу менен ташуучу-фирмалардын жетекчилери менен семинар өткөрүлдү.

Демилгенин максаты — жарандарга транспортто зордук-зомбулукка жана асылууга жол берилбестиги жөнүндө жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө ташуучуларга маалымдоо болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>