Ошто терминалдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Ошто терминалдарды уурдап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Араван районунда терминалдарды уурдап жүргѳн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, 6-сентябрь күнү Араван райондук милициянын  ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук менен алектенип жүрүшкөн шектүүлѳр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алар 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. экендиги аныкталган.  Аталган факты Араван РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандар төмөнкү фактыларга шектелип жатышат. 2-сентябрь күнү таңкы саат 03:00 чамасында Араван районунун Гулбар айылынын дүкөндөрдүн биринде жайгашкан «Нур телеком» жана » Скаймобайл» компанияларынын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сом акчаны белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги боюнча Араван РИИБге арыз келип түшкөн. Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгѳн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап, уурулук кылгандары белгилүү болду.

Ошондой эле дагы башка аймактарда ушундай кылмыштарга катышы бар же жоктугу тешерилип жатат. Жалпы чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатат. Учурда тергѳѳ иштери улантылууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: терминал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>