Казакстандык кудуул Турсунбек Кабатов 5 күнгө камакка алынат

Казакстандык кудуул Турсунбек Кабатов 5 күнгө камакка алынат

Казакстандык белгилүү кудуул Турсунбек Кабатов «майда бейбаштык» жасаганы үчүн 5 күнгө камакка алынат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин ММКлары жазды.

Иш Астанадагы административдик укук бузуулар боюнча сотто каралган. Материалдарга ылайык, 2-июнда болжол менен саат 07:30да Алматы – Астана каттамындагы учактын ичинде Кабатов мас абалында болуп, сөгүнгөн. Сотто Кабатов учактагы кызматкерлердин тейлөөсүнө нааразы болгондуктан, аларга эскертүү айтканын, сөгүнүп-сөгүнбөгөнү эсинде жок экенин билдирген. Бирок коомдук тартипти бузганы үчүн кечирим сураган.

Учактагы окуянын күбөсү (учактын кызматкери) Кабатов мас абалда болгонун, сөгүнүп коомдук тартипти бузуп, башка кишилердин тынчын алганын ырастаган.

Натыйжада Кабатов «майда бейбаштыкка» күнөөлүү деп табылып, сот аны 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Азырынча чечим күчүнө кире элек жана ал боюнча жогорку инстанцияга арызданууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>