Кыргызстанда талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн бирдиктүү системасы түзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Документке Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Медиаторлор палатасынын башчысы Гүлсина Кожоярова жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов кол коюшту.
Тараптар медиация институтун жарандарга талаш-тартыштарды минималдуу убакыт жана каражат жумшоо менен жөнгө салууга мүмкүндүк берүүчү жогорку натыйжалуу укуктук инструмент катары өнүктүрүүнү көздөшөт. Шералы Камчыбеков медиация сотторду алмаштыруу эмес, сот адилеттигине маанилүү кошумча болуп саналаарына жана тараптарга конструктивдүү мамилелерди сактап калууга жардам берерине токтолду.
Жолугушуунун катышуучулары 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган КР Жарандык процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Меморандумду ишке ашыруу өлкөдө талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жетилген экосистемасын түзүүгө, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого жана коомдун сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк берет.