Түнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт
Эмгек министрлиги коррупция тууралуу билдирүүлөр үчүн ишеним телефону иштеп жатканын эскертти
13.07.2026 | 16:53

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандар коррупция фактылары тууралуу 1966 ишеним телефону аркылуу акысыз билдире аларын эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, жарандар жана уюмдар коррупциялык тобокелдиктер, мыйзам бузуулар, кызыкчылыктардын кагылышы, мыйзамсыз акча талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө орун алган башка мыйзам бузуулар боюнча кайрыла алышат.
Министрликте билдиришкендей, келип түшкөн бардык кайрылуулар мыйзамда белгиленген тартипте каралып, зарыл болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом