Кыргызстан менен Беларусь агросектордо жаңы долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Кыргызстан менен Беларусь агроөнөр жай комплексинде кызматташууну кеңейтүүнү жана айыл чарбасында жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну макулдашты.
Бул маселелерди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Беларустун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов менен талкуулады.
Тараптар Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну карашты.
Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, картошка өстүрүү жана аны кайра иштетүүнү өнүктүрүү, эт жана сүт багытындагы мал чарбачылыгы, ошондой эле селекция жана үрөнчүлүк чөйрөсүндөгү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар агрардык тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.