Казакстандын Mad Men тобунун ырчылары кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалды — видео

Казакстандын Mad Men тобунун ырчылары кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалды — видео

Казакстандын Q-pop жанрында ырдаган популярдуу Mad Men тобунун мүчөлөрү уюшкан кылмыштуу топту түзүүгө жана ага катышууга айыпталды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.

Коңшу өлкөнүн укук коргоо органдарынан билдиришкендей, баңгизаттарын туруктуу булагы бир ай мурун жок кылынган. Алардын катарында 21 жаштан 30 жашка чейинки он адам кирген. Кармалгандарды 27 жаштагы Х. Аттуу жигит башкарган.

“Х. аттуу жаран 2020-жылдын сентябрынан бери баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы тарабынан байкоодо жүргөн. Алар бир жылдан бери Алматыда синтетикалык баңгизаттарды жасоо жана таркатуу менен алектенип келишкен. Х. аттуу жарандын жана анын “жардамчыларынын” мыйзамсыз иши расмий түрдө документтештирилип, ар биринин кызматы так бөлүштүрүлгөн. Мисалга, бир кыз жана эки жигит логистикалык компания аркылууу Орусиянын аймагынан синтетикалык баңгизатын жасоочу каражаттарды алып келип турган. Дагы экөө кардарлардан билдирүүлөрдү кабыл алып турса, төрт жигит Наурызбай, Бостандык жана Алатай райондорунда баңгизаттарын сатып турган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Иштин катышуучуларына Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 2-бөлүгүндө каралган уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана башкаруу боюнча айып тагылган.

Шектүүлөр соттун уруксаты менен убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери уланып жатканы кабарланат.

Буга чейин укук коргоо кызматкерлери кармалган 10 кишинин экөө Mad Men тобуна тиешеси бар экендигин тастыкташкан. Алардын ар бири 15 жылга чейин камалуусу ыктымал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>