Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маек
Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди
25.10.2023 | 20:38
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
“Манас” эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Алихан Смаилов үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар