Казакстандын президенти Токаев Нью-Йоркко кетти

Казакстандын президенти Токаев Нью-Йоркко кетти

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко кетти. Бул тууралуу 23-сентябрда өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары кабарлашты.

Токаевдин басма сөз катчысы Берик Курмангалинин айтымында, 25-сентябрга чейин созула турган сапардын алкагында мамлекет башчы БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, бир катар өлкөлөрдүн башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана америкалык бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугат.

Башкы Ассамблеянын 74-сессиясынКазакчтандына БУУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынан турган 196 делегация мүчөсү катышат деп күтүлүүдө.

Бул Токаевдин мамлекет башчы катары АКШга жасаган алгачкы сапары. 2011-2013-жылдары ал БУУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>