Депутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыктыДарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдүБаткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?
Аскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалды
21.10.2026 | 10:21

Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, кармалган командир И.А. өзүнө караштуу келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин жеке үйүн курууга иштетип жүргөнү аныкталган. Курулушка тартылгандардын арасында аскер бөлүгүндө суткалык кезметте тургандар да болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү И.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: УКМК, Улуттук гвардия