Жалал-Абаддын Кербен шаарын айланып өтүүчү жаңы унаа жолу салынууда

21.10.2026 | 16:33
Жалал-Абаддын Кербен шаарын айланып өтүүчү жаңы унаа жолу салынууда — Новости Кыргызстана

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү унаа жолу курулууда. Жолдун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолго эки катмар асфальт төшөлөт. Азыркы учурда биринчи катмардын 6 чакырымы бүткөрүлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын жумушчу тартылган. Жаңы жол буга чейин айдоо талаасы болгон тилке аркылуу түшүрүлүүдө.

Министрлик жаңы жол пайдаланууга берилгенден кийин Ала-Бука жана Чаткал райондоруна баруучу оор жүк ташуучу автоунаалар Кербендин ичине кирбестен, айланып өтөрүн билдирди. Бул шаардагы унаа тыгындарын азайтып, коопсуздукту камсыз кылууга жана жүк ташуу убактысын кыскартууга шарт түзөт.

Scroll to Top