Ош облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталдыДин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталуудаБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөт
Кеминде уйун куткарам деген 28 жаштагы жаран өзү сугат каналына түшүп кеткен (сүрөт)
05.07.2019 | 15:30
Бүгүн, 5-июлда Чүй облусунун Кемин районунда уйун куткарам деп сугат каналына түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 100-чакырымында (Сасык-Булак айылы) сугат каналына 1991-жылы туулган эркек киши уйун каналдан чыгарам деп өзү түшүп кеткен. Жерине Кемин райондук №5 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылып, эркек кишини куткарып калышкан. Жабырлануучу Кемин районун ооруканасына жеткирилген. Учурда абалы канаттандырарлык.

Рубрики: Жаңылыктар