Кендирбаева тойго эмес, балдардын билимине акча жумшоого чакырды

Кендирбаева тойго эмес, балдардын билимине акча жумшоого чакырды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте ата-энелер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда министр ата-энелерди балдары менен сүйлөшүүгө чакырып, балдардын баалуулугуна багыт алуу керектигин айтты.

“Акыркы убакта ата-энелер балдарынын билим алуусуна салым кошконго караганда, башка той, көңүл ачуу сыяктуу кызыкчылыктарга көп каражат жумшап жатат. Ата-эненин мээрими сатылбайт, мээримди балдардан аябайлы”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Балдарды өнүктүрүүгө каражат жумшалбай, аш-тойго ашыкча чыгым жасаларына ата-энелер дагы жолугушууда белгилеп өтүштү.

Мындан тышкары министр Догдуркүл Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун билим берүү саясатындагы колдоосун ата-энелерге жеткирип, окуу китептерин басып чыгарууда бирдиктүү мамлекеттик саясат жасалып жатканын билдирди.

Ата-энелер менен жолугушуудан сырткары министр Догдуркүл Кендирбаева Тоң районунун Көк-Сай айылындагы Ж.Жамгырчиев атындагы, Дөң-Талаа айылындагы И.Текеев атындагы жана Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектептерин кыдырып, курулуш иштери жана кышка даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле ал курулуш иштери кечигип, сапаты төмөн салынып жаткан эки мектеп боюнча Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кабарлады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>