Сотто Ашыралиевдин үч адамды кантип өлтүргөнүн айткан видеосу көрсөтүлдү

Сотто Ашыралиевдин үч адамды кантип өлтүргөнүн айткан видеосу көрсөтүлдү

Бүгүн, 27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Соттук отурумда иштин материалдары каралып, изилдөөгө алынды. Маалым болгондой, кылмыш ишинин материалдары 6 томдон турат.

Соттук процесстин жүрүшүндө Ашыралиев быйыл ферваль айында тергөө амаладары учурунда маркум Канзаманова менен балдарын кантип өлтүргөнү тууралуу айтып бергени тартылган видео көрсөтүлдү. Аталган видео окуя болгон үйдө тартылган.

Ашыралиев видеодо билдиргендей, ал 15-февралда түнгө жакын Канзаманованын үйүнө келгенде батирде аял жалгыз, балдары сыртта жүргөн. Көп өтпөй балдар үйгө келгенде Канзаманова аларды бөлмөлөрүнө жөнөткөн. Канзаманова кызын урушуп, алар чырдаша баштаган. Ал чырдашып жаткан эне менен кыздын урушун токтотууга аракет кылган. Ал ортодо Ашыралиев менен Канзаманова экөө калганда, алардын ортосунда пикир келишпестик болгон. Канзаманова Ашыралиевге экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу аялына, туугандарына, кесиптештерине айтам дей баштаган. Ошол учурда Ашыралиев столдогу бычакты алып, стулда отурган Канзаманованы аркасынын сол тарабына бир нече жолу бычак сайган. Канча жолу бычак сайганы эсинде жок.

Андан соң ал 9 жаштагы уулунун бөлмөсүнө барып, аны уктап жаткан жеринен муунтуп (тумчуктуруп) өлтүргөн. Ашыралиев билдиргендей, ал баланы муунтуп же жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөнү так эсинде эмес.

Андан соң ал бөлмөсүндө жаткан 17 жаштагы Сайкалга барган. Ал бөлмөгө киргенде Сайкал ыйлаган үн менен «эмне болду?» деп сураган. Ашыралиев аны «залга жүр» деп (же башка бир нерсе айткан, так эсинде жок), кыз туруп басып баратканда, артынан мойнунан кыкынтканда кыз эсин жоготуп жерге жыгылган. Андан кийин Ашыралиев бычак алып келип, кызга бычак сайган. Ошол учурда Сайкал эсине келип, эки колу менен сайылып турган бычак жана анын колун кармап «өлтүрбөңүзчү» деген. Ошондо Ашыралиев дендароо боло түшкөн. Бирок кыз кайра эсин жоготкон. Андан кийин Ашыралиев уулунун бөлмөсүнө кайра кетип, бир аздан кийин Сайкалдын бөлмөсүнөн чыккан үндү, ошол эле учурда сырттан унаанын айгай үнүн уккан. Ал кайра Сайкалдын бөлмөсүнө барып, кыз жок экенин, терезе жакка барып, Сайкал жерде жатканын көргөн.

Андан кийин ал сыртка чыккан. Кызды көтөрүп келип, подъездге кирейин дегенде эшик жабылып калганын билген. Домофонду басып, бир батирден жооп беришкенде, кошунасы экенин айтып, подъездге кирген. Ашыралиев кызды батирдин ичине көтөрүп кирип, маркум Канзаманова жаткан бөлмөдөгү жерге жаткырган. Анан ал сыртка чыгып, айлана-тегеректи карап, кайра батирге бара жатып подъеддин ичиндеги кан болуп калган жерлерди шашып-бушуп сүрткөн.

Батирге киргенден кийин уулунун бөлмөсүнө барып, анын жанында отуруп, бетин жууркан менен жаап чыккан.

Андан соң кыздын денесин ваннага алып кирип жаткырып, Сайкалдын бетин жууп, сууну агызып, ваннадан чыккан.

Анан уулунун бөлмөсүнө барып, ал жакта бир нече убакыт отурган (канча убакыт отурганы так эсинде жок).

Ашыралиев үйдөн болжол менен таңында кеткен.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Буга чейин ММКлар жазгандай, айыптоо тараптын версиясы боюнча, А.Канзаманова Ашыралиевди уулу жөнүндө аялына айтам деп шантаж кылгандыктан, экөөнүн ортосунда уруш чыгып турган. Ошондой эле маркум аял уулу тууралуу Ашыралиевдин аялына айтарын билдирген. Натыйжада Ашыралиев аялды жана алардын мамилеси тууралуу билген балдарды өлтүрүүнү чечкен.

Ал 15-февралда кечинде Канзаманованын үйүнө келген. Балдар уктаганы кеткенде, Канзамановага 9 жолу бычак сайган. Андан кийин анын кызынын бөлмөсүнө барып, ага бычак сайып, андан кийин муунта баштаган. Кыз өлдү деген ой менен уулунун бөлмөсүнө барган. Жаздыкты алып, баланы тумчуктуруп өлтүргөн.

Андан кийин эмне кылууну ойлонуп жатканда, кыздын бөлмөсүнөн добуш чыкканын уккан. Ал жактан кыз терезеден секирип кеткенин көрүп, анын артынан түшүп барган. Эшикке чыгып, кызды үйдүн ичине көтөрүп кирген. Андан кийин кызды ваннага салып, сууга чөктүрүп өлтүргөн.

Андан соң кылмыштын изин жашырууга киришкен: ал окуяны Канзаманова кызы менен ичимдик ичип отурганда урушуп кетип, кызы энесин өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйгандай кылып көрсөткүсү келген.

16-октябрда өткөн соттук отурумда Ашыралиев Канзаманова менен балдарын өлтүргөнүн мойнуна албай койгон.

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев киши өлтүргөнүн мойнуна алган жок

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>