Депутат автоунаалардын алдыңкы айнегине термалдык пленка чаптоого уруксат берүүнү сунуштады

20.05.2026 | 16:29

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Ибрагимов айдоочуларга автоунаалардын алдыңкы айнегине термалдык пленка чаптоого уруксат берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, ал буга чейин унааларды тонировкалоого байланыштуу арзандатуу маселесин көтөргөн. Мамлекеттик органдар уруксатты арзаныраак алуу мүмкүнчүлүгү 10-июнга чейин берилерин билдиришкен.

Ошол эле учурда депутат жол кыймылынын эрежелерине ылайык, автоунаанын алдыңкы айнегине кандай гана пленка болбосун чаптоого тыюу салынарын айтты. Бирок Ибрагимовдун сөзүнө караганда, көптөгөн чиновниктердин кызматтык унааларында заводдон коюлган термалдык каптоо бар.

«Мындай болуп калса, анда чиновниктердин өздөрү эле Жол кыймылынын эрежелерин бузуп жатышат да. Ошондуктан жөнөкөй жарандарга дагы алдыңкы айнекке термалдык пленка чаптоого уруксат берүүнү суранам», — деди депутат.

Термалдык пленка кадимки тонировкадан айырмаланып, негизинен унаанын ичин ысыктан жана ультрафиолет нурларынан коргойт. Мындай пленкалар көбүнчө дээрлик тунук болот, бирок айнектин өңүн бир аз өзгөртүшү мүмкүн.

Scroll to Top