Бишкектин четинде Иван Панфиловдун эстелиги калыбына келтирилди

Чүй облусунда Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду. 1972-жылы эле тургузулган эстеликти реставрациялоо 1941-жылы Москванын чектерин коргогон атактуу 316-аткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына утурлай жасалды.
Урап бара жаткан мемориалды калыбына келтирүү демилгеси КОСУнун (КРСУ) студентине таандык, ал эми долбоорду окуу жайдын жетекчилиги, «Central Asia Capital» фонду жана орусиялык чеберлер колдоого алышкан. Орусиянын элчиси Сергей Вакунов өз сөзүндө жоокерлер командирин эркелетип «Батя» деп аташканын, ал эми 1945-жылы Рейхстагда:
«Биз панфиловчуларбыз. Рахмат, батя, кийиз өтүк (валенки) үчүн» деген жазуу калтырышканын эске салды.
Ал тарыхты сактоо — өлкөнү улуу кылган негизги өзөк экенин баса белгиледи.
Аземге дипломаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана генералдын небереси катышты. Эстеликтин өзүн калыбына келтирүүдөн тышкары, сквердин чектеш аймагы толугу менен көрктөндүрүлдү. Иш-чаранын катышуучулары фронтко аттанган 360 миң кыргызстандыктын элесин эскерип, муундардын уланмалуулугун сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.