Сарыбашов аймактар ортосунда темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов өлкөдө темир жол байланыштарын кеңейтүү жана туристтик сезон учурунда мурда иштеп келген каттамдарды кайра жандандыруу зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында, 5-июндан тарта Бишкек–Балыкчы багытында поезд каттай баштайт, бул ички туризм үчүн маанилүү багыттардын бири болот.
Парламентарий акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда туризм жигердүү өнүгүп жатканын, бирок автоунаа агымынын көбөйүшү жол инфраструктурасына олуттуу жүк түшүрүп жатканын белгиледи.
«Совет мезгилинде иштеп келген темир жол каттамдарын кайра жандандыруу керек деп эсептейм. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен туризм активдүү өнүгүп жатат, ошондуктан Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Ош шаарларынан Балыкчыга чейин поезд каттамдарын ачуу боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл», — деди ал.
Сарыбашов ошондой эле Ташкент–Балыкчы каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн жана Кызыл-Кыя темир жол тармагы аркылуу Ташкент–Ош түз каттамын ачуу ыктымалдыгын белгиледи.
Анын айтымында, бул каттамдар үчүн керектүү инфраструктура мурда эле бар жана тиешелүү координация болгондо туризмди өнүктүрүү менен катар автоунаа жолдорундагы жүктү азайтып, коопсуздукту да жогорулатууга мүмкүн.