Эми облус башчылары калк менен милдеттүү түрдө жылына эки жолу жолугушууга тийиш

25.05.2026 | 16:44
Жарлыкка кол коюп жаткан КР президенти Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров облус башчыларын жергиликтүү калк менен милдеттүү түрдө жолугушууларды өткөрүп турууга милдеттендирген жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңыланган тартипке ылайык, жолугушуулар ар бир жылдын февраль-март жана ноябрь-декабрь айларында уюштурулуп турат.

Бул чечим мамлекет башчысынын 2026-жылдын апрель айында Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында берген тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн, 25-майдан, тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында өлкө башчы Ош облусунун ар бир районун кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөргөн. Ушундан кийин президент ар бир облус башчыга, акимдерге, мэрлерге жана башка жетекчилерге калк жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрүн угууга жана чечүүгө тапшырма берген. Анын негизинде аймак жетекчилери май-апрель айларында калк менен жыйындарды өткөрүшкөн.

Scroll to Top