Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

25.05.2026 | 17:25
Селден кийинки турак үйдүн короосу

25-майга караган түнү жааган нөшөрлүү жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Араван райондорунда сел жүрүп, турак үйлөр, социалдык объектилер жабыр тартты. Учурда Жарандык коргонуу кызматтары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда сел суулары 56 турак үйдүн жер төлөсүнө жана 23 үйдүн короосуна кирген. Мындан тышкары, суу бир оорукананын жер төлөсүн жана бир мектептин короосун каптаган. Сары-Колот айылында бир үй жана алты сарай авариялык абалга келип, 48 баш кой агып кеткен. Ал эми Кыргыз-Чек, Падаван жана Таш-Арык айылдарында тазалоо иштери улантылып жатканы айтылды.

Ал эми Өзгөн районунун алты айыл аймагында жана Өзгөн шаарында жалпы 65 турак жайга суу кирген. Жер төлөсү жабыркаган 37 үйдүн 19у тазаланып бүткөн. Учурда Кароол, Кашка-Терек жана Жыланды айылдарында калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Араван районунда 26дан ашык турак жайга сел суулары кирген. Жаңы-Араван айылындагы 22 үйдүн 16сынын жер төлөсү тазаланган. Ачы айылында жеке ишканага таандык 20 тонна цемент жана курулуш материалдары зыянга учураган. Учурда Ош–Араван жана Ноокат–Араван унаа жолдору сел калдыктарынан тазаланып, унаа кыймылы калыбына келтирилген.

Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында жайгашкан Кеңеш жана Пор айылдарында тазалоо иштери аяктаган. Турак жайлардын жер төлөлөрүнөн жана короолорунан суу толук сордурулуп алынган.

Өкүлчүлүк учурда кырдаал көзөмөлгө алынып, чыгымдарды тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Scroll to Top