«Кереметти күтпөңүз»: дарыгер үй-бүлөнү пландоодогу башкы каталар тууралуу

25.05.2026 | 12:21
Кыргыз адам репродукциясы илимий борборунун акушер-гинекологу, гинеколог-эндокринологу жана кольпоскописти Залина Байкожоева

Үй-бүлө куруу тойдон башталбайт. Эмне үчүн эркектер дагы текшерүүдөн өтүшү керек, балалуу болуу көйгөйү чындап эле «жашарып» баратабы жана ден соолукка кам көрүүгө дагы деле кандай кооптуу мифтер тоскоол болууда — бул тууралуу Reporter.kg сайтына Кыргыз адам репродукциясы илимий борборунун акушер-гинекологу, гинеколог-эндокринологу жана кольпоскописти Залина Байкожоева айтып берди.

— Апрель айынын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары никеге туруп жаткан жарандар үчүн милдеттүү жана акысыз медициналык текшерүүнү караштырган мыйзам долбоорун сунушташты. Демилгечилер бул чаралар инфекциялардын жайылышын азайтууга, үй-бүлө куруудагы жоопкерчиликти жогорулатууга жана келечек муундун ден соолугун коргоого жардам берет деп эсептешет. Сиздин оюңузча, бул мыйзам долбоору биздин коом үчүн канчалык зарыл?


— Кош бойлуулукту пландоо — бул бала төрөө гана эмес да. Бул алда канча эрте башталуучу процесс. Бул кош бойлуулук учурундагы татаалдашуу коркунучтарын алдын алган дени сак келечек жөнүндө.


Акушер-гинеколог жана гинеколог-эндокринолог катары мен прегравидардык даярдык (кош бойлуулукка чейинки даярдык), кош бойлуулукту пландоо канчалык маанилүү экенин күн сайын көрүп келем. Анткени пландоо этабында эле биз көптөгөн татаалдашуулардын алдын алып, аз кандуулук (анемия), D витамининин жетишсиздиги, калкан сымал бездин оорулары, кант диабети, ашыкча салмактуулук сыяктуу ооруларды жөнгө салып, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды (ЖЖЖИ) дарылай алабыз. Кыргызстанда вирустук гепатит, ВИЧ-инфекциясы жана сифилис сыяктуу жугуштуу оорулардын актуалдуулугу сакталууда.


Reporter.kg маалымдайт: Прегравидардык даярдык — болочок ата-энелер үчүн диагностикалык, профилактикалык жана дарылоо чараларынын жыйындысы. Анын максаты — организмди бойго бүтүүгө даярдоо, татаалдашуу тобокелдиктерин азайтуу жана дени сак баланын төрөлүшүн камсыз кылуу. Даярдыкты болжолдуу бойго бүтүүдөн 3–6 ай мурун баштоо сунушталат, анткени жыныс клеткаларынын жетилүү цикли так ушунча убакытка созулат.

– Көйгөй адамдардын көбү өз оорусу тууралуу биле бербегенинде, анткени алардын көбү симптомсуз өтөт. Бул эмнеси менен кооптуу? Үй-бүлө ичинде оору жугуп, инфекциялар тарайт. Ошондуктан депутаттарыбыздын демилгесин абдан маанилүү жана керектүү деп эсептейм. Баса, акыркы жарым жылда мен жаштардын тойду пландаштырып, ага бир нече ай калганда анализ тапшырууга келип жатканын байкап жүрөм. Бул жаштардын үй-бүлөнү пландоого жоопкерчиликтүү мамиле кыла баштаганын билдирет, бул кубантпай койбойт.


Аң-сезимдүү эне болуу жана кош бойлуулукту пландоо — бул мамлекеттик маанилүү милдеттердин бири, анткени ушундай жол менен биз перинаталдык татаалдашууларды азайтып, перинаталдык жоготууларды кыскартып, көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын ала алабыз. Ал эми бул өз кезегинде дени сак улуттун калыптанышына алып келет.

— Үй-бүлөнү пландоодо түгөйлөр көбүнчө кандай негизги каталарды кетиришет?


— Алар же адистерге такыр кайрылышпайт, же өтө кеч кайрылышат. Көптөр баары өзүнөн-өзү эле өтүп кетет деп ойлошот, же интернеттен маалымат алып же айланасындагылардын: «Мени минтип дарылашты, тигиндей дарыларды сатып ал» деген кеңештерин угуп, өз алдынча дарыланышат.
Дагы бир фактор — эркектердин тукумсуздугу. Түгөйлөрдүн тукумсуздугунун 40-50%ына чейин дал ушул эркек фактору түзөт, бирок дарыланууга көбүнчө аялдар келишет.


Албетте, мен: «Эмнеге өнөктөшүңүз менен чогуу келген жоксуз?» деп сурайм. Анда эч кандай оору жок экенин кайдан билебиз? Маселен, эркек киши хламидиянын — жыныстык жол менен жугуучу инфекциянын алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн, ал аялдын жатын түтүкчөлөрүнүн бүтөлүп калышына алып келиши ыктымал.

Бирок эркектер дарыгерге көрүнүүгө шашылышпайт. Келген күндө да, абдан каалоосуз дарыланышат: «Бул дарыларды ичким келбейт, менде ансыз деле баары жайында» дешет. Эгерде бизде эркекке байланыштуу фактор аныкталса, анда бейтапты андрологго жөнөтөбүз.

— Бүгүнкү күндө дарыгерлер биринчи баланы кайсы куракта төрөөнү сунушташат?


20 жаштан 35 жашка чейин. Дал ушул мезгилде аялдар менен эркектердин репродуктивдик потенциалы, овариалдык резерви, энелик клеткалардын жана сперматозоиддердин сапаты жогору болот, ошондой эле көпчүлүгүндө өнөкөт оорулар жок болот.


35 жаштан кийин овариалдык резервдин сапаты жана репродуктивдик функция төмөндөйт, хромосомалык аномалиялар жана бойдон түшүү коркунучтары көбөйөт.
Бирок бүгүнкү күндө заманбап медицинанын, сабаттуу көзөмөлдүн жана туура мамиленин аркасында аялдар 35 жаштан кийин деле ийгиликтүү төрөп жатышат. Башкача айтканда, кеп жаш куракта гана эмес, кош бойлуулукка болгон жоопкерчиликтүү мамиледе болууда.

— Балалуу болуу көйгөйлөрү жашарып баратат деген чынбы?


— Алар жашарган жок, жөн гана эрте стадияларда аныктала баштады. Мисалы, мурда кыздарга турмушка чыккандан кийин этек кирдин келүүсү анча оорутпай калат — чыдап кой деп айтышса, бүгүнкү күндө энелер өздөрү кыздарын текшерүүгө алып келишүүдө. Ошондо биз репродуктивдик системага таасир этүүчү ооруларды: гормоналдык же метаболикалык бузулууларды аныктай баштайбыз.
Мен жаш кыздарда эндометриозду же энелик бездердин поликистоз синдромун өтө көп аныктайм. Мүмкүн, мурда бул жөн гана диагноздолгон эместир.

Баса, азыр анын аталышы өзгөртүлдү. Эл аралык эксперттер консорциуму энелик бездердин поликистоз синдромун (ЭБПС/СПКЯ) полиэндокриндик метаболикалык овариалдык синдром (ПМОС) деп расмий түрдө өзгөрттү. Жаңы терминдин авторлору мурунку аталыш жаңылтууга алып келген деген жыйынтыкка келишкен: кеп кисталар жөнүндө гана эмес.


УЗИден патологиялык кисталар эмес, жетилбеген фолликулдар көрүнөт, бул көптөгөн бейтаптарды чаташтырчу. Оору энелик бездерди гана эмес, эндокриндик, метаболикалык жана репродуктивдик системаларды да камтыйт.


Балким, бул аз кыймылдуу жашоо образынын, экологиялык факторлордун, зыяндуу адаттардын — тамеки тартуунун, энергетиктерди, кофе жана курамында кофеин бар азыктарды колдонуунун кесепети болушу мүмкүн. Мунун баары клеткалардын сапатына таасирин тийгизет.

Кыргыз адам репродукциясы илимий борборунун акушер-гинекологу, гинеколог-эндокринологу жана кольпоскописти Залина Байкожоева

— Эркектер үзүлтүккө учураган жыныстык катнаш пландалбаган кош бойлуулуктан сактап калат деп бекем ишенишет, ал эми аялдар гормоналдык дарылардан катуу коркушат. Бүгүнкү күндө контрацепциянын кайсы ыкмалары эң коопсуз жана натыйжалуу деп эсептелет?


— Гормоналдык дарылардан семирет деген — эскирген миф. Азыр заманбап жана узакка таасир этүүчү жогорку натыйжалуу ыкмалар бар. Булар — жатын ичиндеги спиралдар, айкалышкан оралдык контрацептивдер, прогестин инъекциялары жана импланттар. Импланттар — курамында эстроген жок, бир гана прогестин (прогестерондун аналогу) гормонун камтыган, узак убакытка сактоочу жогорку натыйжалуу контрацепция ыкмасы.


Айкалышкан оралдык контрацептивдер (АОК/КОК) — бул аялдардын жыныстык гормондорунун (эстроген жана прогестин) синтетикалык аналогдорун камтыган гормоналдык бойго болтурбоочу таблеткалар.
Бирок мен ар бир аял үчүн дарыны анын тобокелдиктерин, терс таасирлерин, каршы көрсөтмөлөрүн, ошондой эле коштоочу ооруларын эске алуу менен жекече тандоо керек экенин айткым келет.

Барьердик контрацепцияны — презервативдерди да унутпоо керек. Бүгүнкү күндө бул жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги каражат. Маселен, Европада аларды мектептерде да бекер таратышат. Биз дагы жаштарга жыныстык жүрүм-турум маданиятын тарбиялашыбыз керек.

— Балалуу болуу аракеттеринен майнап чыкпаса, канча убакыттан кийин дарыгерге кайрылуу керек?


— Баары жаш курактан көз каранды. Эгерде өнөктөштөрдүн жашы 35ке чейин болуп, үзгүлтүксүз жыныстык жашоодо жана контрацепцияны колдонбогон учурда 12 айдын ичинде бойго бүтпөсө, анда адиске кайрылуу зарыл.
35 жаштан кийин, тобокелдик факторлору бар болсо — этек кир циклинин бузулушу же гинекологиялык оорулар менен ооруган учурда — алты айдан кийин эле кеңеш алуу үчүн кайрылуу керек. Репродукциядагы эң баалуу нерсе — бул убакыт. Биз аны жоготуп алышыбыз мүмкүн.

— Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө жана анын канчалык натыйжалуу экени тууралуу айтып берсеңиз?


— Жыныстык жолдордун айрым инфекциялары түздөн-түз жатын моюнчасынын рагын пайда кылат. Тагыраагы, анын негизги себеби (95%дан ашык учурда) адамдын папиллома вирусу (АПВ/ВПЧ) чакырган туруктуу инфекция болуп саналат. Ал эми Кыргызстанда, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле, жатын моюнчасынын рагы менен ооругандардын саны өсүүдө.


Бир кесиптешим туура белгилегендей: эгерде биз бул вакцинаны кызга сайсак, аны рактан сактап калабыз, ал эми балага сайсак — абдан көп аялдарды сактап калабыз.

— Эркектер дагы АПВга каршы эмдөөдөн өтө алышабы?
— Эркек балдарды да, кыздарды да 9 жаштан 14 жашка чейин, жыныстык жашоо башталганга чейин эмдөө сунушталат, анткени дал ушул мезгилде эң жогорку иммундук жооп калыптанат.

Чоңдор үчүн вакцинация 45 жашка чейинки аялдарга жана эркектерге уруксат берилген. Эгерде адам АПВнын бир түрүн жуктуруп алган күндө да, эмдөө рак чакыруучу жогорку онкогендик башка штаммдардан коргой алат.

— Болочок үй-бүлөлөрүбүзгө эмне каалайт элеңиз?


— Үй-бүлө курууну пландап жаткан адамдарга бул процесске аң-сезимдүү мамиле кылууну, өз алдынча дарыланбоону, туш келди кеңештерди укпоону жана эң негизгиси, адистерге кайрылуудан уялбоону каалап кетким келет.
Ал эми эркектерге өзүнчө кайрылгым келет: кош бойлуулукту пландоо — бул бир гана аялдын эмес, эки өнөктөштүн тең жоопкерчилиги.

Анара Мамытова.

Scroll to Top