Ошто өспүрүм кызды ала качкан төрт адам эки айга камалды

Ошто өспүрүм кызды ала качкан төрт адам эки айга камалды

Ош шаарында никеге туруу үчүн өспүрүм кызды ала качканы үчүнкармалган төрт адам эки айга камакка алынды. Мындай чечим Ош шаардык соту тарабынан чыгарылганын Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Буга чейин алар 18-октябрь күнү болжол менен саат 22:00дө А.Масалиев менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалган.

Никеге туруу үчүн ала качкан адам 27 жаштагы У.Р. уулу болгон. Ага кызды ала качууга 37 жаштагы О.Т., 36 жаштагы С.З., 37 жаштагы М.У. жардамдашкан.

Милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Никеге туруу үчүн ала качуу») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Шектүүлөр 48 саатка камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы 20-октябрда Ош шаардык соту тарабынан каралган.

Ош шаардык милициясы, ала качуу салт эмес, мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралган кылмыш экенин эскертет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>