Кыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте республикалык театр фестивалы өтөт

26–30-октябрь күндөрү Бишкек шаарында кыргыз профессионал театрынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалы өтөт. Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Мекеменин маалыматында, фестивалдын максаты театр искусствосунун жетишкендиктерин даңазалоо, тажрыйба алмашуу жана өнөрдү өнүктүрүү болуп саналат.
Фестивалга эксперттик комиссия тарабынан тандалып алынган 10 мамлекеттик жана муниципалдык театр катышат. Программанын жыйынтыгында калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшырат. Фестивалдын ачылыш аземи 26-октябрда саат 15:00дө, жабылыш аземи 30-октябрда саат 17:00дө өтөт.
Ошондой эле фестивалдын алкагында борбор калаадагы театрлардын сахналарында акысыз спекталдер көрсөтүлөт. Көрсөтүүлөрдүн программасы төмөндөгүдөй:

