КМШ өлкөлөрүндө дизель майынын баасы. Тизме (видео)

КМШ өлкөлөрүндө дизель майынын баасы. Тизме (видео)

Кыргызстанда күйүүчү май кмш өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын видео баянын жарыялады.

Андагы маалыматтарга караганда, дизелдик отундун күзүндө кымбаттоосунун негизги себептери:

Күйүүчү майдын баасы Россиянын ички рыногунда тартыш болуп жатат;

Орусияда үч ири завод профилактикалык оңдоо иштери үчүн жабылып, күзгү жыйым-терим убагы башталды;

Казакстан сентябрь айынан баштап Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан дизель сатып алууну көздөөдө.

Мунайга болгон баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция. Бирок, Кыргызстанда КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу дизелдик отунга болгон баа арзан.

Мисалы, Кыргызстанда дизелдин литри 76 сом, Орусиянын өзүндө 73сом,

Белорусияда 78сом,

Тажикстанда 94сом болсо,

Арменияда 99сом,

Өзбекстанда 106сом.

Ал эми АИ-92 Кыргызстанда 63сом,

Орусияда дагы 63сом,

Белорусияда 74сом,

Өзбекстанда 83сом,

Тажикстанда 97сом,

Арменияда 101сом.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>