Лифттеги өлүм: Соттук отурумда күбөлөр суралды

Лифттеги өлүм: Соттук отурумда күбөлөр суралды

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл жыл башында лифтке кыпчылып каза болгон Кубанычбек Арстанбековдун өлүмү боюнча соттук отурум болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге маркумдун агасы Нематила Арстанбеков билдирди.

Соттук отурумда күбөлөр суракка алынган.

«Бүгүнкү соттук жыйында күбөлөр суралды. Мен жана жактоочулар сүйлөдүк. Келбей калган күбөлөр келерки отурумга чакырылды», — деди ал.

Кийинки соттук процесстер 9-сентябрда 10:00дө жана 13-сентябрда 15:30да болот. 13-октябрдагы отурумда сот өкүм чыгарат.

Белгилей кетсек, бул иште «Бишкекшаардыклифт» ишканасынын жашы жетимиштен ашкан мастери Виктор Маленьких айыпталуучу болууда. Буга чейин аталган окуя боюнча айыпталуучу тарап жана Бишкек мэриясы соттук процесс жүрүп жаткан учурда комментарий бербей турганын билдирген.

Эскерте кетсек, быйыл 11-январда Улан кичи районунда Кубанычбек Арстанбеков коляскадагы баласы менен лифтке кирип баратканда ал өз алдынча иштеп кетип, Арстанбеков лифтке кыпчылып көз жумган. Ымыркай зыян тарткан эмес.

Маркумдун үй-бүлөсү иштин туура тергелбей, чыныгы күнөөлүүлөр жазаланбай калып жатканын айтышууда. Себеби окуяга күбө болуп, жардамдашкан адамдар кылмыш ишинде күбө катары чакырылган эмес. Ошондой эле алар билдиргендей, өлүм тууралу корутундуда Кубанычбек Арстанбеков лифт кысып калгандан өлгөн эмес деп жазылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>