Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кочкордо имамдын бир жылдык эмгек акысын айыл эли чогултуп берди
03.01.2025 | 10:19
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын жашоочулары айыл имамы Кумарбек Керембаевдин бир жылдык айлык акысын чогултуп беришти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, айыл тургундары бир чечимге келишип, ар бир түтүндөн 1000 сомдон акча чогултушкан. Чогулган жалпы сумма 246 000 сомду түзүп, жыйналган акчаны айыл имамы Кумабек Керембаевге 2025-жылдын бир жылдык эмгек акысы кылып тапшырып беришти.
Кумарбек Керембаев Кара-Күңгөй айылында 2016-жылдан бери имамдык кызматты аркалап келет. Анын эмгегине ыраазы болгон эл 2024-жылдан бери имамдын айлыгын бере башташкан. Өткөн жылдын январь айында 249 000 сом чогултуп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар