Акылбек Жапаров Бишкекте метро куруу боюнча ТЭН даярдоону сунуштады

Кабинеттин мурдагы башчысы Акылбек Жапаров 2-октябрда «Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарын өнүктүрүү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференцияда борбор калаада метро куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоону баштоо зарылдыгын айтты.
Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен каражат карап, жүргүнчүлөрдүн агымын, геологиялык шарттарды, сейсмикалык талаптарды, ошондой эле курулуштун жана тейлөөнүн баасын эсептөө зарыл. Андан кийин гана инвесторлорду тартуу керек.
«Бүгүнкү күндөн тартып транспорттук коридорлорду жана транспорт алмашуучу түйүндөр үчүн жер тилкелерин резервге алуу зарыл. Ошондо келечектеги курулуштар өнүктүрүү зоналарына тоскоол болбойт», — деп кошумчалады ал.
Бул маселеге Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев да комментарий берип, мэрия метро куруунун ТЭНин иштеп чыгууну башташы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, совет мезгилинде эле борбор калаанын калкы 1 миллионго жакындаганда метро куруу пландалган.
«Муну эске алабыз деп ойлойм. Кыязы, маселени иштеп чыгууну баштайбыз. Метро куруу эч качан жокко чыгарылган эмес жана күн тартибинен алынган эмес. Эгер бизде ТЭН, инвесторлор жана долбоордун негизги багыттары болсо, курулушту баштоого даяр болобуз», — деди мэр.
Бишкек шаарынын мэриясынын расмий маалыматына ылайык, Айбек Жунушалиев учурда шаарды өнүктүрүү саясатын аныктап, анын негизги багыттарынын арасында жол тыгындарын азайтуу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү белгилеп келет.