Көчмөндөр оюндарында «Росатомдун» колдоосу менен инклюзивдүү чеберчилик сабактары өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Белая Трость» коммерциялык эмес уюму «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен сегиз интерактивдүү аянтчасы бар инклюзивдүү боз үй тартуулады. Бул иш-чара «Паруса духа» долбоорунун 10-юбилейлик сезонунун алкагында уюштурулду.
«Көчмөндүн өнөрканасы: салт, кыймыл, меймандостук жана келечек» бөлүмү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучулар менен ыктыярчылардын башын бириктирип, алар инклюзивдүү усулдарды колдонуу менен чеберчилик сабактарын өткөрүштү. Көздү таңып аткарылган тапшырмалар өзгөчө кызыгууну жаратты: көзү байланган абалда деңиз түйүндөрүн байлоо, боз үйдү жана салттуу турмуш-тиричилик буюмдарын туюу-сезими аркылуу изилдөө, жаңсоо тилинде ырдоо, кол өнөрчүлүк, пластилинография жана «Караңгыдагы сейилдөө». Эң өзгөчө форматтардын бири — толук караңгылыктагы чыгармачыл түшкү тамактануу болду. Боз үйдө электр жарыгы таптакыр колдонулган жок — мейкиндикке табигый жарык гана түшүп турду.
Көчмөндөр оюндарынын ыктыярчы-котормочуларынын жардамы менен Канада, АКШ жана башка өлкөлөрдөн келген меймандар да чеберчилик сабактарына жигердүү катыша алышты.
«Биздин боз үй коноктор кыргыз элинин каада-салттары менен жакындан таанышып гана тим болбостон, кыймыл, чыгармачылык, сезимдик тажрыйба жана биргелешкен катышуу аркылуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын өздөштүрө алган аянтчага айланды», — деди «Росатомдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.

Буга чейин Ысык-Көлдө «Паруса духа 2026» эл аралык инклюзивдүү лагери өтүп (24-августтан 5-сентябрга чейин), анда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн катышуучулары парустук тримарандарды жана калактуу катамарандарды башкарууну өздөштүрүшкөн. 3-сентябрда лагердин базасында 100дөн ашуун конокту чогулткан Экстрабилити күнү өттү. Ал «Жаңдоо Мурас» ансамблинин, көрүүсү начар ырчы Назгүл Чынарбек кызынын жана аутизми бар жаш музыкант Бекзат Турсунбековдун катышуусундагы инклюзивдүү концерт менен жыйынтыкталды.
«Паруса духа» долбоору 2011-жылдан бери, ал эми 2016-жылдан тарта «Росатомдун» колдоосу менен иштеп келет. Бул аралыкта катышуучулар 16 мамлекетте болуп, беш эл аралык каттамды, 46 регатаны жана 7 инклюзивдүү лагерди өткөрүштү.