Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат
Көчмөндөр оюнунун ачылышы жана ШКУ саммити борбордук аянтта түз эфирде көрсөтүлөт
04.08.2026 | 10:20

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында чоң фан-зона уюштурулат. Анда тургундар жана коноктор ачылыш аземди жана саммитти түз эфирден көрө алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, расмий түз эфир башталганга чейин кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланат. Ошондой эле фан-зонанын аймагында фуд-корттор, эс алуу жайлары иштейт.
Мындан тышкары, борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштурулуп, калаа тургундары жана коноктору эки иш-чараны түз эфирде көрө алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом