Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды

04.08.2026 | 10:57
Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө тыюу салынды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда маркумдун сөөгүн өрттөөгө, башкача айтканда, кремациялоого тыюу салынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамда айтылат. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «кремация» жана «крематорий» түшүнүктөрүнүн мааниси өзгөртүлдү. Эми кремация — бул медициналык иштин натыйжасында пайда болгон биологиялык объектилерди (адамдын органдарын жана ткандарын) адистештирилген техникалык курулмаларда санитардык максаттарда жок кылуу болуп саналат.

Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр:

  • Каза болгон адамдардын сөөгүн адистештирилген техникалык курулмаларда (крематорийлерде) өрттөөгө тыюу салынат.
  • Мыйзамдын текстинен маркумдун күлү салынган карапа (урна), колумбарий жана аза күтүү дубалдары тууралуу ченемдер толугу менен алып салынды.
  • Крематорийлер адамдын медициналык жол менен алынган органдарын жана ткандарын гана термикалык жок кылуу үчүн түзүлөт. Мындай объекттерди куруу бюджеттик каражаттардын же жеке ишкерлердин эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.
  • Ички иштер органдары тарабынан издөө иштеринин натыйжасында өздүгү такталбаган же туугандары алып кетпеген сөөктөрдү көмүү тартиби такталды. Мындай иштерди адистештирилген кызматтар жергиликтүү органдардын макулдугу менен жүзөгө ашырат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн (4-август) тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top