Нафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтыкДарыгерлер пайда көрүү үчүн Индияга орган алмаштырууга жөнөтүп жатышатМайлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалды
Гүлдөгөн лотостор борбор калаанын Элебесов көчөсүндөгү көлмөсүнүн көркүн ачты
04.08.2026 | 10:14

Бишкек шаарындагы Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлмөнүн жээгиндеги жаңыланып жаткан коомдук аймактын башкы кооздуктарынын бири гүлдөгөн лотостор болду, деп билдирет борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кыдыруусу учурунда жаңыланып жаткан аймактын көркүн ачкан гүлдөгөн лотостор көңүлдү бурган.

Буга чейин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери аймакта санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Учурда "Кызыл Тоо" ЖЧК подряддык уюму көлмөнүн түштүк бөлүгүн көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул жерге 51 даана арча көчөтү отургузулду, отургучтарды орнотуу уланууда, ошондой эле брусчатка (таманташ) төшөө жана бордюрларды (жээкташтарды) орнотуу иштери аяктады.

Мындан тышкары, көлмөнү бойлой кеткен жөө адамдар басуучу жолго алдыда асфальт төшөө үчүн аймак даярдалды. Аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом