Азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берүү токтотулган

Азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берүү токтотулган

Кыргызстандын мектептеринде тамак-аштын кымбатташына байланыштуу башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилбей калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бир окуучунун тамак-ашына бюджеттен бөлүнгөн 7 сом аздык кылат. Андыктан аталган мекеме Каржы министрлигинен бул сумманы 14 сомго, алыскы аймактардагы мектептерге 20 сомго чейин көтөрүүнү суранат, азыр тамак-ашка 10 сомдон бөлүнөт.

Балдардын тамак-ашына 7 жана 10 сомдон бөлүнөрү депутаттарды таң калтырды.

Айгүл Айдарова аткаминерлердин арасында окуучулар үчүн даярдалган 7 сомдук тамак-ашты жеген жокпу деп сурады.

Жусупбекова Билим берүү министрлигинин кызматкерлери 7 сомдук тамакты даамдап көрүп, даамдуу болгонун айтты.

«Бирок азыр бул каражат жетишсиз. Ошондуктан ысык тамактан баш тартып, балдарга булочка жана компот эле берүүгө туура келип жатат», — деди министрдин орун басары.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>