Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Көк-Жарда суугат суунун жоктугунан дыйкандар жол тосууга аргасыз
20.06.2023 | 10:59
Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө сугат суунун жетишсиздигинен түшүм кургап калды. Бул тууралуу “Жума” дыйкан үрөнчүлүк чарбасынын директору Мамытбай Салымбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жазган кайрылуусунда билдирген.
Мамытбай Салымбеков Чүй облусунун башчысы, Аламүдүн жана Октябрь райондорунун акимдерине, Көк-Жар айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган.
“Жума” дыйкан үрөнчүлүк чарбасы сугат суунун жетишсиздигинен улам Көк-Жар айылында жол тосууга аргасыз. Анткени республиканын мамлекеттик реестринде турган буудай, арпа, беденин үрөнүн чыгарган чарбада учурда сугат суунун жетишсиздигинен түшүм толугу менен кургап калды”, – деп айтылат кайрылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом