Кыргызстан Глобалдык экологиялык фонддо атайын «тоо терезесин» түзүүнү демилгеледиБорбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти сактоо боюнча кызматташтыкты чыңдайтАдылбек Касымалиев жаратылышты коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыСадыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышына эмне роль ойногонун айтып бердиКыргызстан менен Орусия эт азыктарын жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдаштыБорбордук Азия дүйнөнүн көңүл борборуна айланууда – Владимир Путин
Борбордук Азия дүйнөнүн көңүл борборуна айланууда – Владимир Путин
05.06.2026 | 10:08
Эксклюзив
Жогорку Кеңеш адвокатураны реформалоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи ирет кароодон алып салды

Борбордук Азия өзүнүн жаратылыш ресурстары, кенен аймагы жана адам капиталы менен дүйнөлүк оюнчулардын көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда, ал эми Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү глобалдык туруктуулук маселелеринде аймактын маанисин күчөтүүдө, — деп билдирди 4-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин ПМЭФ-2026нын алкагында ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып.
Мындан тышкары, ал ШКУнун алкагында Орусиянын эң артыкчылыктуу демилгелерин белгилеп өттү.
«Шанхай кызматташтык уюму бүгүнкү күндө аймактык саясатка таасир этүүчү негизги факторго айланып бара жаткан абройлуу жана олуттуу эл аралык бирикме болуп саналат. ШКУнун алкагында экономикалык маанинин өсүшү жана коопсуздук институттарынын бекемделиши аймакка глобалдык деңгээлде туруктуулукту сактоодо барган сайын олуттуу роль ойноого мүмкүндүк берет», — деп кошумчалады ал.
Путин Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммитинде компромисстерге жетишилип, өнүгүү милдеттери коюларына ишенимин билдирди.
«ШКУда азыр 27 өлкө бар. Экономикалык интеграция боюнча иштер жүрүп жатат, бул олуттуу иш. Борбордук Азия өлкөлөрдүн ресурстары, эбегейсиз аймагы жана өсүп жаткан калкы менен, эң оболу аймактын экономикалык потенциалынан улам эл аралык коомчулуктун көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Уюмдун алкагында жасалып жаткан иштердин баары Орусия үчүн да, калган өнөктөштөр үчүн да кызыктуу болот. Ошондуктан биз, албетте, кыргыз досторубузга ийгилик каалайбыз жана бул маанилүү иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтөбүз», — деп жыйынтыктады Путин.