«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгы болуп, эки адам каза тапты
09.06.2026 | 11:28

Чүйдө Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 16-чакырымында үрөй учурган кырсык болуп, эки адам каза тапты. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматында, окуя кечээ, 8-июнда, болгон.
Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Катуу соккудан унаа толугу менен талкаланып, чачырап кеткен. Кырсыктан 24 жаштагы айдоочу жана анын ичиндеги 21 жаштагы жүргүнчү тез жардам келгенге чейин эле окуя болгон жерден каза болушкан.
Социалдык тармактарда жол кырсыктын кадрлары жарыяланды. Видеодон катуу соккудан салондогу прибордук панель үзүлүп, спидометрдин жебеси 240 км/саат көрсөткүчүндө катып калганын көрүүгө болот. Учурда кырсыктын жагдайлары такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: жол кырсык, Чүй