Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келген

2025-жылы Кыргызстанда чекене соода жана коомдук тамактануу кызматтары аркылуу 1,17 триллион сомдук товар жана кызмат сатылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 18,1%га, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсе өскөн. Статистикада чекене соодага дүкөндөр, базарлар, кафе жана ресторандар кирет.
Бул сумманы өлкөнүн жалпы калкынын санына бөлгөндө, бир тургунга болжол менен 159 миң сомдон туура келет. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 10,4%га көп. Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда бул көрсөткүч өлкө боюнча орточо деңгээлден жогору болгон.
Чекене сооданын көлөмү бардык аймактарда өскөн. Эң чоң үлүш Бишкек шаарына туура келет: борбор калаа өлкөдөгү жалпы сатуунун 44%дан ашыгын түзгөн. Андан кийин Жалал-Абад облусу болжол менен 15% жана Чүй облусу 14% менен турат.