Кечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадалады

05.10.2026 | 09:14

Социалдык тармактарда «Ала-Арча» улуттук паркынын эс алуучулары кечки убакта транспорттун жетишсиздигине нааразы болгон видео тарады.

Бул көйгөй айрыкча дем алыш күндөрү, көптөгөн эс алуучулар бир убакта улуттук парктан Бишкекке кайтууга аракет кылган учурда курчуйт.

«Кечкисин автобустардын санын көбөйтүп койсо болбойбу?» — деп нааразы болушат келгендер.

Учурда №1 каттамды бекитилген график боюнча каттаган алты автобус тейлейт. Жүргүнчүлөрдүн агымы кескин көбөйгөн кезде каттамга кошумча автобустар чыкпайт, ошондуктан аялдамада адамдар топтолуп калууда.

Reporter.kg редакциясы транспорт маселесин кандайча чечүү пландалып жатканын билүү үчүн «Ала-Арча» жаратылыш паркынын директору Кубанычбек Жекшенбековго кайрылды.

Анын айтымында, жетекчилик тиешелүү шаардык кызматтар жана ведомстволор менен биргеликте бул маселенин үстүндө иштеп жатат.

Атап айтканда, кыймылдын графигин оптималдаштыруу жана дем алыш күндөрү эс алуучулар эң көп кайткан маалда (пик сааттарда) кошумча автобустарды каттамга чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Scroll to Top