Бишкекте «Кыргызстан ЭКСПО – 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөт

15-17-октябрда Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» «Кыргызстан ЭКСПО – 2026» эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдап, ишкерлерди, өндүрүүчүлөрдү катышууга чакырды.
Иш-чаранын алкагында бир аянтчада эки эл аралык көргөзмө — «Кыргызстан ЭКСПО – 2026» универсалдуу көргөзмөсү жана «ЭКСПО Евразия Кыргызстан – 2026» II өнөр жай көргөзмөсү уюштурулат. Көргөзмөгө ар кайсы өлкөлөрдөн 500дөн ашык компания катышат.
Иш-чарага 3000ден ашык адис, анын ичинде инвесторлор жана байерлер келиши күтүлүүдө. Көргөзмө аянты 3000 чарчы метрден ашык аймакты ээлейт.
Экспозицияда төмөнкү тармактар сунушталат:
- өнөр жай жана курулуш;
- айыл чарба;
- энергетика;
- логистика жана транспорт;
- инновация жана технология;
- туризм жана кызмат көрсөтүү.
Иш-чаранын алкагында B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Мекемеме мындай иш-чаралар жаңы рынокторго чыгуу, өнөктөштүктү түзүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатын көздөй турганын билдирди.