Бишкектен Балыкчыга каттаган поездге дагы бир VIP вагон кошулду

Бишкектен Балыкчыга каттаган поездге дагы бир VIP вагон кошулду

Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу поездге дагы бир VIP класстагы вагон кошулду. Бул тууралуу «Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  вагондун интерьери улуттук стилде жасалып, панорамалык терезелер орнотулган.

Ошондой эле, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн VIP класстагы вагондо кондиционер, эки телевизор жана wi-fi бар. Мындан тышкары, закускаларды жана суусундуктарды сатып алууга мүмкүн болгон бар орнотулган.

Белгилей кетсек, 17-июлдан 31-августка чейин Бишкек – Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд күн сайын каттайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>