Комендант: журналисттерге аккредитация берилбейт

Комендант: журналисттерге аккредитация берилбейт

Өзгөчө абал учрунда журналисттердин тоскоолдуксуз иштөөсү үчүн аккредитация берилбейт. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 30-март күнү онлайн брифинде айтты.

“Бүгүнкү күндө журналисттерди кызыктырган бардык суроолор боюнча Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, алар түз эфирде көрсөтүлүп жатат. . Буга чейин тберүү маселесине токтолгонбуз. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бардык суроолорду онлай бирифинг учурунда жберсеңиздер болот. Такталган маалыматтарды гана таратууңуздарды өтүнөбүз”, — деди ал.

Учурда өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 84кө жетти. Ал эми  республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>