Көмүрдүн баасы канча болушу керек? Министрликтин жообу

Көмүрдүн баасы канча болушу керек? Министрликтин жообу

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов көмүрдүн баасы канча болушу керектигине кызыкты.

Жыйынга катышып жаткан энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, “республиканын аймагында 4 миң сом деп чектеп жатабыз”, — деди.

Депутат шайлоочулар көмүр 7 миң сомдон сатылып жатканын жана мындан улам нааразычылыктар пайда болорун билдиришкенин айтты.

“Биз сентябрь айынын башында көмүрдү эртерек даярдоо боюнча эскертүү бергенбиз. Бирок, күн жылуу болгондуктанбы, мекендештер буга көңүл бурбай калышты. Биз Монополияга каршы агенттиги менен бирге бааны жөнгө салуу боюнча иш алып барабыз”, — деди Айталиев.

Ал эми Шайлообек Атазов көмүрдүн баасын ашыкча көтөргөндөргө чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: көмүр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>