Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору
Бишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
30.09.2026 | 16:42

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын «Калыс-Ордо» конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы маалымдады.
Суу берүүнү токтотуу «Калыс-Ордо-1» жана «Калыс-Ордо-2» суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү менен түшүндүрүлөт. Чектөө аталган конуштагы турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо жана өндүрүш объекттерине тиешелүү.

«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууга чакырат. Суунун өчүрүлүшү боюнча билдирмелерди «Менин шаарым» тиркемесинен да алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом