Кабмин: Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 5 жылда эки эсеге өстү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарында өткөн «Иннопром. Беларусь 2026» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барды.
Беларустун премьер-министри Александр Турчин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын, ЕАЭБдеги байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларын жана чакырылган мамлекеттердин өкүлдөрүн тосуп алды.
«Иннопром. Беларусь» — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар кайсы тармактарындагы өнөр жай өкүлдөрүн, инновациялык компанияларды, инвесторлорду жана мамлекеттик органдарды бириктирген эл аралык өнөр жай көргөзмөсү. Үч күндүк көргөзмөнүн алкагында 14 миңге жакын адамдын катышуусунда 20 иш-чара өткөрүлдү. Жалпы аянты 20 миң чарчы метрден ашкан көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук стенди да орун алып, анда 12 кыргызстандык компания өз продукциясын көрсөттү.
Андан соң делегация башчылары «Өнөр жай-технологиялык кызматташтык: бири-бирин толуктаган өнөктөштүк» аттуу пленардык жыйынга катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев ЕАЭБдин алкагында биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Экономикабыз экинчи жыл катары менен эки орундуу темпте өсүүдө. Өнөктөштөр үчүн бул эң башкысы: өсүп жаткан жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон экономика. Өнөктөштөр менен биргеликте бүтүндөй аймак үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Биримдик үчүн түштүккө карай жаңы коридор ачат. Камбар-Ата-1 ГЭСин Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте куруп жатабыз. Мындай долбоорлор техникага жана электр-техникалык жабдууларга чоң суроо-талап жаратат. Биз анын олуттуу бөлүгү Биримдикке мүчө мамлекеттерде өндүрүлүшүн каалайбыз», — деди ал.
Кыргызстан менен Беларустун көп жылдык өнөр жай байланыштарын белгилеген Касымалиев кызматташтыктын конкреттүү мисалын келтирди.
«Бишкекте беларустук технологиянын негизинде күч трансформаторлорун чыгаруучу завод ачылды. Бул мисал өлкөлөрдүн экономикасы бири-бирин кантип толуктап турарын көрсөтөт. Өнөктөштөрдө технология жана өнөр жай тажрыйбасы бар болсо, Кыргызстанда өсүп жаткан суроо-талап, өндүрүш аянтчалары жана кадрлар бар. Биргеликте ЕАЭБдин жана Борбор Азиянын рыногу үчүн беш багытта продукция чыгара алабыз: техника, электр-техника, курулуш материалдары, фармацевтика жана жеңил өнөр жай», — деди өкмөт башчысы.
Кабминдин төрагасы ошондой эле Кыргызстандын 2021–2026-жылдардагы экономикасынын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди.
«Акыркы беш жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык көбөйдү — 2021-жылдагы 4 миллиард 24 миллион АКШ долларынан 2025-жылы 9 миллиард 14 миллион долларга чейин жетти. Үч жылдын ичинде 287 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди. Бул 2 миллиард доллар инвестиция жана 21 миңге жакын жумуш орду. Жылдын аягына чейин дагы 47 ишкана ишке кирет», — деди ал.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүүдө. Ири долбоорлор үчүн Министрлер кабинети менен кепилдиктерди жана жекече шарттарды караган инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Пленардык жыйында Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары, ошондой эле Никарагуанын делегациясынын башчысы сөз сүйлөп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна багытталган өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү үчүн өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Тараптар мындай аянтча ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана Биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган жаңы практикалык демилгелерди иштеп чыгууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.